Жапаров Кумтөрдү текшере турган депутаттык комиссияны күтүп жатышканын айтты

Кумтөр.

Өкмөт Кумтөрдүн алтыны боюнча текшерүү жүргүзө турган депутаттык комиссияны күтүп жатканын бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал быйылкы жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын айтты:

“2021-жылы 10 тоннадан ашык алтын алдык. Ал биздин өлкөдө. 2022-жылы Кумтөрдүн командасы планды толук аткарабыз деп жатат. 17,2 тонна алтын өзүбүздө калат деп турабыз. Бир грамм алтынды да тоодо же калдык сактоочу жайда калтырбай казып алууга биздин адистердин кесиптик деңгээли жетет. Аны уурдатпоого, элдин кызыкчылыгы үчүн сактоого, кармоого жана сарптоого кыргыз өкмөтүнүн да, укук тартибин коргоо органдарынын да күчү жетиштүү. Тилекке каршы, парламентте түзүлгөн комиссия бүгүнкүгө чейин барып көрө элек. Биз дагы эле бул комиссияны күтөбүз”.

Жапаров быйыл 10 айда ишканадан түшкөн салык, салыктык эмес жана бөлөк келишимдерде каралган төлөмдөрдүн көлөмү 26,5 миллиард сомго жеткенин кошумчалады. Соңку 11 жыл ичинде бул көрсөткүч, анын айтымында, жыл сайын орточо эсеп менен 5,3 миллиард сомдун тегерегинде болуп келген.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Бирок бир да жолу отурумга чогула албай, кийин курамы кыскартылган. Андан кийин да отурумга чогулушу маселе жаратып жатканы белгилүү болгон.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда пенсионер жубайлар аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылдыУкраинада согуш башталгандан бери 18 миңдей карапайым тургун набыт болдуСауд Арабиясында өзбекстандык зыяратчылар кырсыкка кабылдыПрезидент аткаминерлерди ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды