Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мажилисинин экс-депутаты, Хорог шаарынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Тохир Абдолбеков 6,5 жылга эркинен ажыратылды.
Хорог шаардык сотунун өкүмү 22-декабрда чыкканы тууралуу кабар 27-декабрда жарыяланды.
"Озоди" радиосу өз булагына шилтеме кылып кабарлагандай, өкүм окулуп жатканда соттолуучунун адвокаты болгон эмес. Абдолбеков "Экстремисттик коомдоштукту уюштуруу", "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар жана продукцияларды өндүрүү, сактоо жана сатуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылды.
Тохир Абдолбеков быйыл ноябрда кармалган. Жакындарынын айтымында, ал май айында Хорогдо болгон акциялардын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүүгө айыпталган.
Тохир Абдолбеков – жарандык активист Ораз Вазирбековдун күйөө баласы. Дүйшөмбү шаардык соту 5-ноябрда Ораз Вазирбековду 16 жылга эркинен ажыраткан.
Декабрдын башында Тажикстандын Жогорку соту бир жуманын ичинде Тоолуу Бадахшандан чыккан бир нече жарандык активистти узак мөөнөттөргө соттогон. Алар "Жапырт башаламандык уюштуру", "Бийликти кулатууга чакырык жасоо" жана "Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттолгон активисттердин баары тең Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары жана Рушан районунда май айында болгон окуялардан кийин кармалган.
Дагы караңыз
Мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу маселеси көтөрүлдүКемпир-Абад иши: Нарматова сот залында жыгылып, "Тез жардам" алып кеттиДепутат Акаев Жогорку сотту Кемпир-Абад боюнча камалгандарга көңүл бурууга чакырды Милиция Сузакта дайынсыз жоголгон келиндин өлүмүнө шектүүнү кармады