Быйыл өрт кырсыктары 26 кишинин өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы каталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 26-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр 31 кишинин өмүрү, 15,5 миллион сомго жакын материалдык баалуулуктарды сактап калды.

Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн.

Министрдин орун басары быйыл өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 2,3% азайганын, өрттүн 66% турак жайларда катталганын билдирди. Ошондой эле жаңы жыл майрамдарынын алдында пиротехника, оттон этият болууга чакырды. Шамырканов учурда суу алуучу гидранттар 2ГИС системасына киргизилип жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)​

Дагы караңыз

Ниязбеков: Кочкордогу окуя боюнча облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги каралатТажикстан жана Казакстанда орус валютасы арзандады Маданият министрлиги "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө мөөнөтү узарганын билдирдиДепутат Осмонов насыяларды өндүрүшкө жумшоону сунуштады