АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты

Чикаго, 23-декабрь, 2022-жыл

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты. NBC News телеканалы маалымдагандай, миллиондогон кишиге аба ырайынын кескин бузулушуна байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертүү берилди. Бир нече киши машинесинде тоңуп калды, кар күрткүсү же муз астында калгандар бар. Бороондон улам өз убагында медициналык жардам ала албагандар болгону кабарланууда.

Канада менен чек арадан баштап Мексиканын чегине чейин суукка алып келген бороон-чапкын Рождестводо эки жакка каттаган жүргүнчүлөрдү кыйын абалда калтырды.

Өткөн жума күнү Монтана штатында 45 градуска чейин суук болду, Чикагодо -21, Мичиганда -17 градус суук катталды. Жекшембиде Нью-Йорк штатында рекорддук көлөмдөгү кар жаады.

Бийлик каза болгондор көбөйүп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертүүдө. Синоптиктер 40 жылдан бери боло элек суук апта аягына чейин сакталарын айтып жатышат.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын бешөө камакта калды Украина: Орусиянын Энгельс авиабазасына дрондон чабуул жасалдыСасык тумоонун көрсөткүчү төмөндөдү, ооругандар дале көп