Херсондогу аткылоодон сегиз киши каза болуп, ондогону жараат алды

Ишемби күнү орус армиясынын жакында бошотулган Херсон шаарындагы аткылоосунан кеминде сегиз киши каза болду.

Шаардын кеминде 35 тургуну ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Кирилл Тимошенко билдирди.

Ал аткылоонун кесепеттери көрсөтүлгөн сүрөттөрдү Телеграм-каналына жайгаштырды. Тимошенконун айтымында, аткылоого Херсондун борбору дуушар болгон. Сүрөттөрдөн жабыр тарткан турак жайларды жана өрттү көрүүгө болот.


Херсондун сүрөттөрүн Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы социалдык баракчаларына жайгаштырды. Ал аткылоону "Орусиянын коркутуп-үркүтүүсү жана өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган террор" деп атады.

Украин бийлиги мунун алдында аткылоодон Херсон облусунун беш жайкын тургуну каза болуп, 17 киши жараат алганын кабарлаган. Дагы төрт адам Донецк, Запорожье жана Херсон облусунда каза болгон.


Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу бөлүгүн сентябрда бошотуп алган. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыккан.

Дагы караңыз

Аба ырайы: кар жаабайтBloomberg Кытайда бир күндө 37 млн. киши COVID-19га кабылганын жаздыКыргызстан менен Иран товар жүгүртүү боюнча маалымат алышууну макулдаштыКемероводогу карылар үйүндө чыккан өрттөн 22 киши каза болду