Кытайда 20-декабрга карата коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден аныкталды. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазды.
Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес.
Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырууда.
Бул калктын иммунитети төмөн катмарында вирустун омикрон штаммынын жайылышына алып келген. Айрыкча борбор калаа Бээжиндин жана Сычуань провинциясынын жашоочуларынын жарымынан көбүнө жуккан.
Bloomberg басылмасынын маалыматынан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирди.
Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.
Дагы караңыз
Кемероводогу карылар үйүндө чыккан өрттөн 22 киши каза болдуУКМК "Акун" пансионатына 17 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирдиБайден 858 миллиард долларлык коргонуу бюджетине кол койдуАдвокат Гүлнара Журабаева өз алдынча баса албай калганын билдирди