Бишкекте дагы үч эм төрөлгөнүн бүгүн 23-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2 клиникалык Төрөт үйүндө 20-декабрда көз жарган 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч уулдуу болду.
Эненин да, салмагы 2,3 кг, 1,9 кг жана 2,4 кг болуп төрөлгөн ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык, алар Төрөт үйүнүн ай-күнүнө жетпей төрөлгөн наристелер бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.
Быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөр 15ке жеткен.
2021-жылы өлкөдө 150 миңден ашуун ымыркай төрөлгөн.
Кыргызстанда соңку жылдары жаңы төрөлгөндөр үчүн мамлекеттин эсебинен 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүүдө. Ал эми үч эм үчүн ар бирине 50 миң сомдон берилет. (RK)
Дагы караңыз
Баткенде курман болгон аскерлердин сүрөттөрү Тарых музейине берилдиСССРдин аң-сезимде калган мөөрүМурдагы милиция башчысы Уланбек Аалиев акталып, абактан бошотулдуИсламабаддагы жардыруудан полиция кызматкери набыт болду