Баткендеги чек ара коогалаңдарында мекен үчүн курман болгон жоокерлердин портреттери бүгүн 23-декабрда расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди.
Журналист Элнура Кулуева баштаган чыгармачыл топ уюштурган бул эскерүү иш-чарасына маркум жоокерлердин жакындары, бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Коңшу Тажикстан менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодогу тилкеде жайгашкан Баткенде соңку жылдары адам өлүмүнө алып келген кандуу окуялар катталууда. Быйыл сентябрда Кыргызстан 63 жаранынан айрылды, былтыр апрель айында кыргыз тараптан 36 киши каза болгон. (GT)
Дагы караңыз
Исламабаддагы жардыруудан полиция кызматкери набыт болдуКонституциялык сот оң рулдуу машинелер боюнча кайрылууну карадыАлматыда Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал ачылдыАКШ Сенаты конфискацияланган орус активдерин Украинага жардам берүүгө жумшоону колдоду