ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

ТИМдин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Тажикстанга убактылуу барбай же бул өлкө аркылуу башка мамлекетке чыгуудан карманып турууга чакырды. Бул кыргызстандыктардын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Дүйшөмбү шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.

+996 999 312-002 - ТИМдин Консулдук департаменти (Бишкек);

+992 887 782-223 - Тажикстандагы элчилик (Дүйшөмбү шаары).

Быйыл октябрда Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына киргизбей койгон учурларга байланыштуу бул өлкөгө барбай турууга чакырган. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.

Тажикстан Кыргызстандын ТИМи тараткан билдирүүгө комментарий бере элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Журналисттер Мариуполдо 10 миңден ашуун мүрзө табыштыПашинян Тоолуу Карабакта жайгашкан орус аскерлерин сындадыКемпир-Абад иши: абактагы эки киши ачкачылыкты токтоттуБаткен аэропортун оңдоп-түзөө иштери уланууда