Февралдан бери согушка каршы болгону үчүн дээрлик 20 миң орусиялык кармалган

Москвада согушка каршы акциялардын биринде катышуучуларды кармоо учуру.

Украинага басып киргенден бери Орусияда өткөн согушка каршы митингдерге, пикеттерге катышканы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кеминде 19 миң 443 киши кармалган.

Бул саясий негизде кармалгандардын саны жагынан соңку он жылдагы рекорддук көрсөткүч экени "Вёрстка" басымасы менен "ОВД-Инфо" укук коргоочу долбоорунун иликтөөсүндө айтылат.

Журналисттер менен укук коргоочулар эсептегендей, 24-февралдан берки убакытта болгону 18 күндө гана кармоолор болгон эмес.

Февралдын соңунда, айрыкча мартта орус армиясы тууралуу фейк делген маалыматты тараткандарды жана аскерлердин аракетин сындагандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин 300дөн ашык кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча айыпталгандар жана шек саналгандар 378 адамга жеткен. Алардын көбү – 134 киши фейктер тууралуу мыйзам боюнча каралган. Мисалы, Буча жана Мариуполдо жайкын тургундарды өлтүрүү боюнча социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн жоопкерчиликке тартылган. 46 адам вандализм, атап айтканда орус армиясы согуш учурунда колдонгон Z жана V символдорун бузгандыгы үчүн жоопко тартылган. Дагы 44 киши аскер комиссариаттарына жана администрацияга кол салган деп айыпталууда. 37си "куралдуу күчтөрдүн аракеттерин каралаган", тогузу тааныштары менен сүйлөшкөнү үчүн шектүү же айыпталуучу болуп калган.

Азыркыга чейин кылмыш иштери боюнча 50 өкүм чыккан. Алардын эң катаалы - оппозициячыл саясатчы Илья Яшинди 8,5 жылга, Москванын муниципалдык депутаты Алексей Гориновду 6 жыл 11 айга эркинен ажыратуу өкүмү.

Ал эми административдик иштерге келсек, согуш башталгандан бери Орусиянын сотуна беш жарым миңден ашуун протокол келип түшкөн. Алардын көбү – 701 иш Москвада каралган. Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы бештикке Санкт-Петербург, Краснодар, Татарстан жана аннексияланган Крым да кирет.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын энелери акцияга чыгыштыМадумаров Конституциянын сакталышын карай турган комиссия түзүүнү сунуш кылды Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинде кайрылуу жасадыСөз эркиндигинин абалына кооптонгондор кол топтой башташтыИИМ: Турак жай кооперативинен жабыркагандар тарткан зыян 800 миллион сомдон ашты