Мамлекеттик Думанын (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары "Орусиянын аймактык бүтүндүгүн" сактап калуу максатында географиялык карталарды тараткандар үчүн миллион рублга чейин айып салуу же 15 суткага чейин камакка алууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.
Документке ылайык, мындай карталар “экстремисттик материалдарга” теңештирилген.
Эгер мыйзам кабыл алынса, анда Украинанын аннексияланган аймактары Орусиянын бийликтери тарабынан таанылган, бирок дүйнөдөгү өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү тааныбаган, Орусиянын бөлүгү катары эсептелбеген бардык картаны ачык көрсөтүү же таратуу мыйзам бузуу болуп эсептелинет.
"Агентство" басылмасы белгилегендей, Кремлдин, орус өкмөтүнүн жана Федерация Кеңешинин сайттарында референдумдун жыйынтыгы менен аннексияланган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары дагы эле Украинанын аймактары катары белгиленген.
Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Сентябрда Украина контрчабуулга өткөн. Ушундан улам Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында шашылыш референдум өтүп, бул аймактар Орусиянын курамына кирген. Украин бийлиги жана башка көптөгөн өлкөлөр добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалма деп атап, таануудан баш тарткан.
Дагы караңыз
БУУда Отунбаева “Талибан” менен диалогду улантуу зарылдыгын белгиледиПакистанда бир нече кишини барымтага алган талиб согушкерлери жок кылындыАдвокат: Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ биринчи жыйынга чогулду