Бишкек мэриясы майрамдык салютка 755 миң сом жумшаларын билдирди

Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдар түстүү фейерверктер атуу менен аяктай турганын билдирди. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдалып жатат. Ал чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот.

Мекеме жалпы майрамдык иш-чарага кете турган чыгымдын суммасын кабарлаган жок.

Соңку эки жылдан бери жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2021-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тарткан.

2020-жылы коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШ Орусиянын коркутууларына моюн сунду деп БУУну айыптадыДүйнө чемпиондору Буэнос-Айреске кайтып бардыАчкачылык кармап жаткан Суранованын абалы боюнча апасына маалымат берилдиӨзбек-тажик чек арасында COVID-19га байланыштуу текшерүү кайра башталды