Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Катарга иш сапары менен барды. Сапар ал өлкөнүн эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президентти Доха шаарындагы "Хамад Интернешнл" эл аралык аэропортунан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.
Иш сапардын мазмуну маалымдалган жок.
Бүгүн Катарда дүйнөлүк футбол чемпионатынын финалдык беттеши болуп, чемпиону аныкталат. Оюн талаасына Франциянын жана Аргентинанын курама командалары чыгат.
2023-жылы Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык карым-катышына 25 жыл толот.(ZKo)
Дагы караңыз
Актер Азиз Мурадилаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлатКиевде жылуулук системасы калыбына келтирилди"Батир таппай кыйналдык". Чек ара чатагында жер которгон үй-бүлөнүн турмушу Акыйкатчынын өкүлү абакта ачкачылык жарыялаган төрт аял менен жолугуштуКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун кеңсеси Бишкекте ачылат