Аба ырайы: Күн ачык болот

19-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 4…6° жылуу болот.