Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо боюнча CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму Сузак районунун Кыз-Көл жана Кыр-Жол айылындагы мектеп окуучулары үчүн эки кичи автобус тапшырды.
Алар менен аталган эки айылдагы окуучулар 8 чакырым алыстыктагы мектепке барышат. Ага жалпы 72 миң АКШ доллары жумшалган.
Учурда Жалал-Абад облусунда CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында жазылган 19 долбоордун 14ү ишке ашырылды.
Кыргызстанда мектептердин жетишсиздигинен улам алыс жакка барып окугандар жүздөп саналат.(TB/ZKo)
Дагы караңыз
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун кеңсеси Бишкекте ачылат"Батир таппай кыйналдык". Чек ара чатагында жер которгон үй-бүлөнүн турмушу Абактагы Перизат Суранованын абалы оор экени айтылууда "Кайра куруу тажрыйбасын Латвиядан көрүп келгенбиз""Акаев кокусунан президент болуп шайланган"Миграция: Аялдардын укугу жана өкүтү