Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда мал уурулукка шек саналып 29 жаштагы тажик жараны кармалды.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, шектүү кармалган учурда Кыргызстандын аймагында жүргөн.
Маалыматта Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагына караштуу Арка 2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну милицияга үлүш жайындагы тогуз баш бодо малы уурдалганын билдирип кайрылган.
Бул факт Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы үч тургуну кармалган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар коңшу Тажикстандын Согд облусунун Б.Гафуров районунун Хистеварс айылынын 29 жаштагы У.Н.аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпысынан жети жолу мал уурдаганы аныкталган", - деп жазылган милициянын маалыматында.
Кыргызстан менен Тажикстандын абактарында эки өлкөнүн жарандары түрдүү кылмыштарга шек саналып, кармалып турганы кабарланып келет.
Быйыл май айында кыргыз-тажик башкы прокурорлору Баткен шаарында жолугушуп, эки өлкөнүн абактарында жаткан жарандарды алмашууну макулдашкан. Натыйжада эки тараптан 11ден киши мекенине кайтарылган. (JsA/ZKo)
Дагы караңыз
Молдова алты телеканалдын лицензиясын убактылуу токтоттуАбактагы аялдар: президенттин пикири, Нарматованын абалыЖаңы жылдык эс алуу күндөрү расмий жарыяландыАкыйкатчынын өкүлү абактагы Орозайым Нарматовадан кабар алды Орусияда аскерден качкандар жаңы мыйзам менен соттоло баштадыАбактагы активист үй-бүлөсү үчүн элден жардам сурап кайрылдыПрезидент абактагы аялдарды бошотуу өтүнүчү тууралуу пикирин билдирди