Жаңы жылдык эс алуу күндөрү расмий жарыяланды

Бишкек шаарына коюлган жаңы жылдык балаты. 16-декабрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, кыргызстандыктар 1-8-январь күндөрү эс алат.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Бул аралыктагы иш күндөрү 9-январь, 25-февраль, 11-март, 25-марттагы дем алыш күндөрүнүн эсебинен толукталат.

Кыргызстанда 1-январь Жаңы жыл, 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү катары жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп эсептелет.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент абактагы аялдарды бошотуу өтүнүчү тууралуу пикирин билдирдиСадыр Жапаров ышты эл өзү көзөмөлгө алышы керектигин айттыИталиялык ырчыны таарынткан гонорар, акталбай калган чыгым "Азиздер жана дүлөйлөр коомуна" коммуналдык кызмат акысын төлөөдө 50% жеңилдик берилетӨзбекстандык айдоочуларга жол эрежеси түшүндүрүлдү"Башкача грипп экен". Тумоодон улам мектептер онлайн окууга өттү