Баткендин Кадамжай райондук милиция кызматкерлери бүгүн, 17-декабрда Кадамжай шаарындагы Фергана чек ара бекетинин алдында Өзбекстандын Сох, Шаймерден (Шахимардан), Жигит-Пирим анклавдарына каттаган өзбекстандык айдоочуларга жол эрежесин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аларга Кыргызстандын эл жашаган айылдарын аралап баратканда ылдамдыкты азайтып, жол эрежесин сактоо керектиги тууралуу маалымат берилди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын маалымдашынча, анклавга кирип-чыккан айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыктан акыркы күндөрү үч жол кырсыгы катталып, жарандар ооруканага кайрылган.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери былтыр, 1-апрелде ачылган. Бул бекеттен жеңил автоунаалар жана кичи автобустар өтө алат. Жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө коюлган.(ZKo)
Дагы караңыз
Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы белгиленип жататУКМК Аксыда көмүр компаниялары мамлекетке 4,5 млн. сомдук зыян келтиргенин кабарладыПрезиденттин сынынан кийин Ташкент мурда тыюу салынган автобустарды сатып алды"Башкача грипп экен". Тумоодон улам мектептер онлайн окууга өттүИлимпоздор жүз жылда жаныбарлар жана өсүмдүктөр азаярын эскертишти