УКМК Аксыда көмүр компаниялары мамлекетке 4,5 млн. сомдук зыян келтиргенин кабарлады

Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр казган менчик ишканалардын мыйзамсыз иштери аныкталганын маалымдоодо.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул ишканалар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок иштеп келген. Анын кесепетинен мамлекетке 4 млн. 477 миң 723 сом зыян келтирилген. УКМКнын жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул ишканалар өз ыктыяры менен мамлекетке 2 млн. 205 миң 715 сомду кайтарып берди.

Учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатканы кабарланды.(ZKo)

Дагы караңыз

Президенттин сынынан кийин Ташкент мурда тыюу салынган автобустарды сатып алды"Башкача грипп экен". Тумоодон улам мектептер онлайн окууга өттүИлимпоздор жүз жылда жаныбарлар жана өсүмдүктөр азаярын эскертиштиКатар-2022: Футбол маанайы КыргызстандаАКШ Орусиянын Украинадагы аскер кылмыштарын каттоого алат