Гаага соту Косово армиясынын мурдагы командирин 26 жылга эркинен ажыратты

Салих Мустафа.

Гаага соту жарым-жартылай таанылган Косовонун боштондук армиясынын мурдагы командири Салих Мустафаны 26 жылга эркинен ажыратты. Ал согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул Косоводогу кылмыштар боюнча Гаага трибуналынын биринчи өкүмү экенин "Азаттык" радиосунун Балкан кызматы билдирди.

Сот Мустафаны кыйноого, мыйзамсыз кармоого жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деген бүтүм чыгарган. Тергөөгө ылайык, Мустафа кеминде алты косоволук албанды кармаган топту жетектеген. Алар сербдер менен кызматташкан деп айыпталган.

Маалыматтарга караганда, алар абактагыларды бейсбол таякчалары менен токмоктоп, от менен кыйнашкан, аларга суу жана тамак-аш берилген эмес. Сот Мустафа 1999-жылдын жазында кеминде эки туткунду кыйноого жеке өзү катышкан деп эсептейт.

Мустафа 2020-жылы Косовонун Коргоо министрлигинин кеңешчиси болуп иштеп жаткан учурда камакка алынган. Күнөөнү мойнуна алган эмес.

Косово боюнча атайын соттук териштирүү 2017-жылы башталган.

Атайын сот 1998-жылдын январынан 2000-жылдын декабрына чейин Косово боштондук армиясынын мүчөлөрү этникалык азчылыктарга жана саясий атаандаштарга каршы жасаган кылмыштарын иликтейт.

Сот Гаагада жайгашкан, бирок Косовонун мыйзамдарына ылайык иштейт.

Дагы караңыз

Алматыда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөлөрү кармалдыГрузиянын депутаттары парламент имаратында ачкачылык жарыяладыБишкек мэрин кызматтан алуу сунушу ЖК токтомуна киргизилген жок"Биз үчүн жооптуусуңар". Абактагылар бийликке кайрылды

.