Кемпир-Абад иши: Таалайбек Мадаминов да ачкачылык жарыялады

Таалайбек Мадаминов (ортодо кишен салынган адам).

16-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Анын ачкачылык жарыялоо тууралуу катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Анда бийликке саясий куугунтукту, сөз эркиндигине жана Жогорку Кеңешке басымды токтотуу талабы жазылган.

15-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын саны 19га жеткен. 14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ачкачылык жарыялаганы тууралуу 17 адам арыз бергенин кабарлады.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга - 20-февралга чейин узарткан. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар өлкөдө башаламандык уюштурууну пландашканын, бул ишке сот чекит коёрун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан үч киши аман табылды“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузиядан кармалдыАптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден аштыУКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалдыСоода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды