Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылганын 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине төрт куткаруучу унаа менен чыгып, аларды таап келишкен. Учурда баарынын абалы жакшы.
Чаткалда алтын кени казылат.
Дагы караңыз
“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузиядан кармалдыАптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден аштыУКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалдыСоода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды