“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузиядан кармалды

Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстандагы “Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузияда Интерпол уюму аркылуу кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы шектүүгө (Э.М. аял киши) Кыргызстандын укук коргоо органдары ири каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен издөө жарыялаган.

Ал Бишкектеги Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча
Тбилисиде колго түшкөн.

Шектүү Бишкекте эле каржы пирамидасынын 15тен ашык филиалын ачкан. 2019-2021-жылдары ага Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 млн. 283 миң долларын алдаткан. Кармалган адам андан тышкары эки кишинин 154 миң доллардан ашык акчасын алдап алып кеткен деп шек саналууда. Ушул тапта аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, “Финико” компаниясы 2019-жылы
Орусияда түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30% жогорку кирешени убада кылган. Орусияда да жарандарга миллиондогон доллар чыгым келтирген.

Министрлик кыргызстандыктарды көп кирешени убада кылган шектүү
компанияларга ишенбөөгө чакырды.

Буга чейин “МедиаХаб” коомдук фонду “Калкты карызга батырган финансы махинациялары: “Сомо”, “Акчамат”, “Финико” аттуу журналисттик иликтөө чыгарган. (BTo)

Дагы караңыз

Аптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден аштыУКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалдыСоода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылдыБосния жана Герцеговина Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алдыБашкы прокуратура: Кантта 52 млн. сомдук жемкорлук аныкталды“Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери дем алыш күндөрү да иштейтТажикстан журналисттер көп соттолгон өлкөлөрдүн тизмесине кирди