Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери декабрь айынан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү да иштей баштады.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады. Мекеме бул чек ара пункттары Кыргызстанга Кытайдан чыккан жүктөрдү жана автоунааларды гана тейлей турганын эскертти.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жүк өткөрүү кескин азайып кетип, быйыл кайра калыбына келтирилди. (BTo)
Дагы караңыз
Тажикстан журналисттер көп соттолгон өлкөлөрдүн тизмесине кирдиПеруда нааразылык акцияларынан улам өзгөчө кырдаал жарыяландыЖКда эки фракция Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушун бердиКыргызстанда бардык мектептер онлайн окутууга өттүДүйшөмбүдө үйлөр жакшы жылыбай жатканына нааразылык жаралды Стамбулдун оппозициячыл мэри абакка кесилди