Украина прокуратурасы: орус аскерлери 154 кишини зордуктаганы аныкталды

Орус аскерлери Украинага басып кирген 24-февралдан бери 154 украиналыкка сексуалдык зомбулук көрсөткөнү аныкталды. Бул тууралуу 13-декабрда Украинанын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөчүлөр орус аскерлери Херсондо төрт ай бою бир аялды такай зордуктап жүргөнүн аныкташкан. Херсондук дагы бир аялды жылаңачтап, денесине кайнак суу куюп, көпкө кыйнашкан.

Прокуратура орус аскерлери украин аскерлеринин аялдарын үйлөрүнөн алып чыгып, кыйноого алганын белгилеген.

Тергөөчүлөр орусиялык аскерлер украиналыктарды электр тогу менен кыйнап, жыныс органдарына зыян келтирген фактыны каттаган. Мындай кыйноо кеминде 100 украиналык эркекке колдонулган.

Июль айында БУУнун чыр-чатактардагы сексуалдык зомбулук боюнча атайын өкүлү Прамила Паттен Украинада кеминде 124 адам сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгону тастыкталганын билдирген.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: активист Али Шабдан да ачкачылык жарыяладыКыргызстанда 200дөн ашуун мектеп карантинге жабылдыКаракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары аскерлерден кечирим сурады