Өзбекстан Түркмөнстандан кошумча газ алуу тууралуу келишим түздү

Өзбекстан Түркмөнстандан кыш мезгилинде кошумча 1,5 миллиард метр куб жаратылыш газын алуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу 13-декабрда Reuters агенттиги Өзбекстан өкмөтүндөгү булактын маалыматына таянып билдирди.

Жылына 52 миллиард метр кубга жакын газ өндүргөн Өзбекстан күнүнө сырттан 15 миллион метр кубга жакын жаратылыш газын импорттойт.

"Эми өлкөдөгү газдын жетишсиздигин жабуу үчүн кыш мезгилинде бул суммага Түркмөнстандан суткасына 20 миллион метр куб газ кошулат", - деди өкмөт өкүлү.

Келишимге 12-декабрда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардар Умурзаков кол койгон.

Өзбек бийлиги өткөн аптада Кытайга газ экспорту ички тартыштыктан улам токтотулганын жарыялаган.

Суук түшкөнү Өзбекстанда энергетикалык каатчылык күчөп, газдын жана жарыктын өчүп жатышы элдин нааразылыгын жаратууда.

Дагы караңыз

Энергокризис: Жарыкты керектөө жогорку чекке жетти Косово лидерлери Евробиримдикке мүчө болуу арызына кол койдуАвазадагы саммит: түркмөн газын Европага сатуу дымагы