Түркмөн газын Европага сатуу маселеси талкууланды

Илхам Алиев, Сердар Бердымухамедов жана Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын ортосунда соода, экономика, билим берүү жана энергетика боюнча эң маанилүү беш келишимге кол коюлду. 14-декабрда Аваза шаарында Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттери катышкан саммит өттү.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдө түркмөн газын Азербайжан жана Түркия аркылуу Европага сатуу маселеси талкуулашты. Бул демилгени президент Эрдоган көтөрүп, "биз түркмөн газын ташуу ишин чукул баштообуз керек" деди.

Былтыр Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашууга жетишкен.

Түркмөнстан дүйнөдө жаратылыш газынын кору боюнча төртүнчү орунда турат.

Дагы караңыз

Косово лидерлери Евробиримдикке мүчө болуу арызына кол койдуСасык тумоодон улам Кыргызстанда 204 мектеп карантинге жабылды