Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү (А.М.Ш.), адвокат (Т.З.М.) жана жеке аудитор (Т.С.Т.) 100 миң сом пара менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, арыздануучу адамга (Б.К.С.) кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.
Козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.
Шектүү тарап жана алардын адвокаттарынан комментарий боло элек. (BTo)
Дагы караңыз
Кытай менен Индиянын чек арасында аскерлер кагылыштыКемпир-Абад иши: абакта ачкачылык жарыялагандардын саны жетиге жеттиАКШда окумуштуулар термоөзөктүк реактордон биринчи жолу көп энергия алыштыКыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө башталатЖКда депутаттарга чек арадан чыгууга тыюу салынган окуялар көтөрүлдүТүркиядагы жол кырсыгында кыргызстандык келин каза болгону кабарландыБыйыл дүйнөдө 67 журналист иш учурунда каза болду