Шекер кошулган суусундуктарга салыкты жогорулатуу сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеме өзүнүн Телеграм- каналына жазды.

"Алкоголдук ичимдиктер, тамеки, шекери көп суусундуктар калктын биринчи муктаж болгон азыктары эмес, андыктан мындай азыктарга салыкты көбөйтүү менен саламаттык тармагындагы каржылоону жакшыртса болот", - деп жазган министрлик.

Бишкектеги эл аралык медициналык институту быйыл май, июнь айларында жүргүзгөн изилдөөдө кыргызстандык студенттердин дээрлик 71% тез татымдан тамактанып, таттуу суусундуктар менен чаңкоосун кандыра турганы белгилүү болгон. Изилдөөгө катышкандардын бир даары ашказаны ооруй турганын айтышкан.

2021-жылы USAID уюму "Мыкты азыктануу" долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактана турганы аныкталган. Алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жей турганы айтылган.

Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары жалпы өлүмдүн жарымынан көбүнө себеп болуп жатканы айтылып келет. Расмий маалыматтарда жылына 18 миңге чукул кыргызстандык жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан көз жумат. Адистер акыркы жылдары инсульт жана инфаркт жашарганын айтып, коңгуроо кагып келишүүдө. (BCh)

Дагы караңыз

Жапырт камалгандардын айрымдары ачкачылык жарыялаштыӨмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирдиУкраин Башкы штабы: Орус армиясы төрт багытка чабуул коюуга камынууда "Биз үчүн жооптуусуңар". Абактагылар бийликке кайрылды