Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында 12-декабрда Тоолордун эл аралык күнүнө карата “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, көргөзмөнү өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду.
23-декабрга чейин улана турган көргөзмөгө Кыргызстандын тоолуу аймактары тартылган сүрөттөр коюлган.
Тоолордун эл аралык күнү Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун алкагында 2002-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет. Улуттур Уюмунун атайын резолюциясында бул күнү жер шарынын тоолуу аймактарын өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жана алардын калкына жардам көрсөтүү зарылдыгына дүйнө коомчулугун бурдуруу максатында иш-чаралар өткөрүлөрү белгиленген.
1998-жылдан бери Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү боюнча жалпысынан 12 резолюция кабыл алган.
Кыргыз тарап 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо демилгесин көтөрүүдө. (RK)
Дагы караңыз
Окуучулардын 20% сабакка барбаган мектеп карантинге жабылатЧүй облусунда алты мектеп карантинге жабылдыБабур атындагы театрдын ремонт иштери жазында аяктары кабарландыРуфус Эдвард: Булганыч аба ден соолукту талкалоодо