Айга сыноо үчүн учурулган америкалык "Орион" космостук кемеси 11-декабрда Жерге кайтып келип, Бишкек убактысы менен 23:40та Калифорниянын жээктеринде Тынч океанга түштү. Бул учур НАСАнын YouTube каналында көрсөтүлдү.
Кеме 16-ноябрда учурулган. Үч жарым жума бою ал Айга жакындап, 1969-жылы "Аполлон-11" космостук кемеси конгон жерден өттү. "Артемида-1" миссиясынын планына ылайык, бул максималдуу жакындашуу болду.
Учуп баратканда ал жерге сүрөттөрдү жана видеолорду жиберип, НАСА менен түз байланышта болду.
Кеме пландалгандай 11-декабрда Жерге кайтып келди. Миссия ийгиликтүү аяктаса, кеме экипаж менен бирге экинчи сапарга аттанары айтылган. Үчүнчүсүндө, 2024-жылы Айга астронавттарды кондурат.
Дагы караңыз
Байден менен Зеленский Украинадагы абалды талкуулады Одесса жарыксыз калды, Донбасста кырдаал оор Борбор Азия: биринчи президенттер калтырган мурас