Мектеп окуучуларынын каникулу 30-декабрда башталат

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Каникул 2023-жылдын 10-январында аяктап, окуу 11-январда башталат.

Кыргызстанда орто жана башталгыч мектептерде 1,4 миллиондон ашык бала билим алат. 2300дөн ашуун орто мектеп бар.

2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. Быйыл сабактар 1-сентябрда башталды, 25-майда аяктайт деп айтылган. (BCh)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Бекназаров менен Нарматова камакта калдыОдесса жарыксыз калды, Донбасста кырдаал оор Мелитополдогу жардырууларда орус аскерлери каза болгону айтылууда"Быйыл балдар башкача ооруп жатат". Бишкекте ооруканалар толуп калды