10-декабрда Орусиянын абадан урган соккуларынан улам Украинанын Одесса облусундагы инфратүзүм зыян тартып, 1,5 миллиондой адам электр энергиясыз калды.
"Одесса аймагындагы абал өтө оор. Тилекке каршы бул ирет катуу сокку урулду, жарыкты кайра берүү эми бир топ убакытты талап кылат, бир нече саат эмес, бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн" , - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда
Октябрь айынан бери Украинага Орусия тынымсыз абадан сокку уруп, энергетикалык тармагын талкалап жатат.
Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты. (BCh)
Дагы караңыз
Активист Улукбек Маматаев 20-февралга чейин камакта калдыКемпир-Абад иши: Бекназаров менен Нарматова камакта калдыФутбол: Марокконун курама командасы жарым финалга чыкты Бишкек, Чүйдөгү балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылат