Бишкек, Чүйдөгү балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылат

Бишкектеги ооруканалардын бири.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөгөндүктөн, балдарга убагында жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларга дагы кошумча орун ачуу тууралуу буйрук чыкты.

Балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачыла турганын 9-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мындан тышкары өлкөнүн бардык облустарынын саламаттык сактоо координаторлоруна сасык тумоо, пневмония менен ооруп жаткан балдарды күнү-түнү тынымсыз кабыл алып, стационарларда кошумча орун ачуу көрсөтмөсү берилди.

Азыр оорудан улам мектеп, бала бакчага бара албай жаткан балдар 5% түздү. Эгер бул көрсөткүч 20% жетсе, убактылуу карантин жарыяланышы мүмкүн.

Кыргызстанда октябрь айынан бери сасык тумоо менен ооруп жаткандардын саны өсүүдө. Министрлик ооругандардын дээрлик 70% 14 жашка чыга элек балдар экенин кабарлады. (BCh)

Дагы караңыз

Быйыл дүйнөдө 67 журналист иш учурунда каза болдуФутбол: Марокконун курама командасы жарым финалга чыкты Британиянын мурдагы элчисинин жубайына өкмөттөн сыйлык берилди Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча бийликке резолюция жолдонду