Быйыл дүйнөдө 67 журналист иш учурунда каза болду

Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш.

2022-жылы иш учурунда каза болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн саны көбөйдү.

Быйыл 67 журналист иштеп жүрүп каза тапты, бул 2021-жылга салыштырмалуу 20га көп. Бул тууралуу Эл аралык журналисттер федерациясынын жылдык отчетунда белгиленди.

Журналисттердин өлүмүнө Украинадагы согуш, Гаитидеги башаламандык, Мексикадагы уюшкан кылмыштуу топтордун зомбулугу себеп болду.

Ишмердиги үчүн камалган журналисттер 375ке жетти. Негизинен Кытай, Мьянма жана Түркияда соттолгон журналисттер көп. 2021-жылы 365 журналист соттолгон.

Эл аралык журналисттер федерациясы бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн журналисттердин эркиндиги менен укугун сактоого чакырды. (BCh)

Дагы караңыз

Британиянын мурдагы элчисинин жубайына өкмөттөн сыйлык берилди Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча бийликке резолюция жолдондуЕвразия экономикалык биримдигинин эртеңи эмне болот? "Мени кайненем да урчу". Зомбулукту жеңген Назгүл