Путин АКШ менен Орусия башка жарандарды да алмашуусу ыктымалдыгын айтты

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен Орусия соттолгондорду дагы алмашуусу ыктымал экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкектеги басма сөз жыйынында кеп кылды.

Путиндин айтымында, Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүнү ФСБ жүргүзүп жатат. Ал ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында башка маселелер талкууланбай турганын кошумчалады.

9-декабрда орус лидери Бишкекке Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине келди.

8-декабрда Кошмо Штаттардын баскетбол боюнча курама командасынын оюнчусу, Орусияда абакта отурган Бриттни Грайнер АКШда соттолгон орус жараны Виктор Бутка айырбашталган. Процесс Абу-Дабинин аэропортунда ишке ашып, ар бири өз мекенине учак менен кетти.

Мурдараак Орусияда соттолгон америкалык Тревор Рид менен АКШда соттолгон учкуч Константин Ярошенко айырбашталган. Бул процесс Орусия Украинага кол салып, Москва менен Вашингтондун ымаласы начарлап жаткан мезгилге туш келди.

Виктор Бут 2012-жылы "колумбиялык козголоңчуларга курал сатуу ишин даярдаган" деген айып менен АКШда 25 жылга кесилген эле. Ал Олимпиада чемпиону, баскетболчу Бриттни Грайнерге жана мурдагы деңиз аскери Пол Уиланга алмаштырылышы ыктымал деп айтылып жаткан. Грайнер жыл башында "чек арадан маңзаттарын ташып өтүүгө аракеттенген" деп Подмосковьеде кармалган, Уилан 2020-жылы орус баш калаасында тыңчылыкка шектелип соттолгон.

АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын жараны болгон Пол Уилан 2018-жылы Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү тойго гана барганын айткан. Ал качан жана кимге алмаштырылары азырынча белгисиз. (ErN)