“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат.
Асанов 2011-жылы октябрда "Азаттыкка" кабарчы болуп келген. Бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. 2017-жылдан тарта "Эксперттер талдайт" аналитикалык талкуу программасын алып барат.
2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет.
Дагы караңыз
Жогорку Евразия экономикалык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды Бишкектеги мектептердин баары эки күн онлайн окутууга өтөт Кыргызстандагы ЖМКны колдогон онлайн-телекөпүрө өтүп жатат Шаардык милиция мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматты четке кактыБишкекке Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян келди Москвада мекендештерин опузалап жүргөн кыргыз жарандары кармалды