Кыргызстан баалуу металлдарын дүйнөлүк рынокто сатууга кызыкдар

Эки тараптын жолугушуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Лондондун баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) президенти Пол Фишер, уюмдун аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүлгөн баалуу металлдарды дүйнөлүк, анын ичинде британ базарына чыгаруу маселеси талкууланды. Кыргыз тарап алтынын дүйнөлүк рынокто сатууга жана соода-экономикалык кызматташтыкты көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Кыргызстандан барган делегацияга LBMAнын адистери жалпы рыноктын катышуучуларынын талаптарын айтып берди.

Кыргызстандан делегация LBMAнын чакыруусу менен 7-декабрда Лондонго барган. Делегациянын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков жана каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев бар.

Иш-сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулардан сырткары ири банк корпорациялардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен кеңешмелер өтөрү кабарланды.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) былтыр июнь айында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery макамынан ажыратып, бир жылдан кийин кайтарып берген.

Бул макам кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенин кепилдейт. Мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эч тоскоолдуксуз сатып алат. (TSh)

Дагы караңыз

БУУнун өкүлү Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышын айыптады