Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Хорватияны Шенген зонасына кабыл алуу тууралуу чечимди жактырды. Эми Хорватиянын аймактык бирикменин башка мүчөлөрү менен чек ара жана бажы көзөмөлү жоюлат дегенди түшүндүрөт.
Хорватиянын Шенген аймагына кирүү чечими тууралуу кабарды аталган өлкөнүн Европа Биримдигиндеги өкүлдөрү Твиттерде жарыялады. Еврокомиссиянын мүчөсү Ильва Йоханссон маалыматты ырастады.
Талапкерлиги каралып жаткан Румыния менен Болгарияга Шенгенге кирген Австрия жана Нидерланддын каршылыгы себеп болду. Мурдараак Европарламент жана Еврокомиссия үч өлкөнү тең Шенген зонасына киргизүүнү жактаган болчу.
Европа Биримдиги экономикалык жана саясий уюм болуп саналат. Бирикмеде учурда 27 мамлекет бар, анын ичинде Хорватия, Румыния жана Болгария да мүчө.
Аталган уюмдун ичинде мындан сырткары Шенген зонасы жана евро валютасы иштеген өзүнчө зона бар. Евробиримдиктин мүчөлөрү - Ирландия, Кипр, Болгария, Хорватия, Румыния Шенген зонасына кирбейт.
Ошол эле маалда Шенген аймагына Евробиримдикке кирбеген төрт өлкө – Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн да кошулат. (ErN)
Дагы караңыз
Баткенди калыбына келтирүү боюнча маалымат берилдиАКШ менен Орусия камактагы жарандарын айырбаштадыВалерий Кичин жылдын мыкты футболчусу наамын алдыАкцияга колдонулган алгачкы катаал жаза: Иранда активист дарга асылды