Элдик курултайдын резолюциясы Жогорку сотко расмий тапшырылды

Кадыр Кошалиев жана Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды. 7-декабрдагы жолугушууда Кошалиев курултайда кабыл алынган резолюцияны расмий тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Элдик курултайдын резолюциясында Башкы прокуратура менен Жогорку сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган. Анда эркин пикирин билдиргендерди саясий куугунтук кылбоо жана чек ара маселеси менен кармалгандардын ишин мыйзам чегинде карап, үй камагына чыгаруу сунушталган.

25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышты. Анын 924үн эркектер, 148ин аялдар түздү.

Ушул тапта “массалык башаламандыкка” айыпталган отузга жакын саясатчы, активист, блогерлер камакта жатат. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК Кара-Кечеде кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдады