Курманбек Дыйканбаев Жогорку Сотто да акталды

Курманбек Дыйканбаев. Архивдик сүрөт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү, парламенттин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаевди актаган өкүмдү Жогорку Сот да күчүндө калтырганын бүгүн 8-декабрда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун актоо өкүмү быйыл 24-майда чыккан, аны 19-июлда шаардык сот колдогон. Жогорку Соттун ал өкүмдү күчүндө калтырган токтому 28-сентябрда кабыл алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Курманбек Дыйканбаевди 2020-жылы ноябрь айында кармаган. Атайын кызмат ал ошол эле жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо "партиянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган" деп айып койгон. Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгону айтылып, ага Жазык кодексинин (ред: 2017-жылдагы) “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кине тагылган.

2020-жылы ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров Курманбек Дыйканбаев мамлекеттик ишканадан 7 миллион сом алганын айткан. 2021-жылы Дыйканбаев тергөө менен кызматташууга барып, бюджетке 7 миллион сом төгүп бергени кабарланган.

Саясатчы 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого кызматын убактылуу токтотуп, “Биримдик” партиясынын тизмеси менен 58-катарда катышкан. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болгон. (RK)

Дагы караңыз

Депутаттар прокуратурага барган окуяны президент түзгөн жумушчу топ териштиретДепутаттардын Башкы прокуратурага суракка барганы иликтенетАргентинанын вице-президенти алты жылга эркинен ажыратылдыСоцфонд 1 миллиард сом уурдалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү