Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин 7-декабрда Сауд Арабиясын барганын Синхуа агенттиги жазды.
CNN каналы төрага расмий сапардын алкагында Эр-Риядда араб лидерлери менен жолугушарын кабарлады.
Падыша Салман бин Абдулазиз ал Сауддун чакыруусу менен барган Си ал жерде 9-декабрга чейин болот. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгында Сауд Арабия-Кытай саммити өтөт. CNN билдиргендей, иш-чарага кеминде 14 араб өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Телеканалга маек берген араб дипломаты Си Цзинпиндин Сауд Арабияга сапарын араб-кытай мамилесиндеги “маанилүү этап” деп атады.
Дагы караңыз
Азербайжанда тыңчылык кылган деп айыпталган 19 аскер бошотулдуКыргыз-тажик чек арасы: 17 чакырым боюнча мунаса табылды"Дождь" телеканалын колдоого 60тан ашык маалымат каражаттары кошулду