Улуу Британиянын Лутон шаарында падыша Чарльз IIIгө жумуртка ыргыткан адам кармалып, камакка алынды. Полициянын маалыматына караганда, 6-декабрда шаардын аянтында эл менен жолугуп жаткан падышаны көздөй 20 жаштагы жигит жумуртка ыргыткан.
Жумуртка падышага тийбей жерге түшкөнү менен жансакчылар аны окуя болгон жерден дароо алып кетишкен. Бир аздан кийин падыша кайра чыгып, эл менен жолугушууну уланткан. Би-Би-Синин маалыматына караганда, көпчүлүк падышага жумуртка атылганын байкаган эмес.
Бир нече жума мурун Чарльз III Йорк шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда да жумуртка ыргытылган. Анда 23 жаштагы студент кыз кармалган.
Жумуртка менен уруу окуясын кошпогондо, падышанын жолугушуусу жылуу маанайда өткөнү айтылат маалыматта.
Дагы караңыз
Байсалов баштаган делегация LBMAнын чакыруусу менен Лондонго кеткени белгилүү болдуКатар-2022: Марокко Испанияны утуп, чейрек финалга чыктыБлинкен: АКШ украиндердин Орусиянын аймагына сокку урушуна шыкак бербейт