Баткен облусунун аймагында газ баллон орнотулган жеңил машина жарылганын 7-декабрда “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 6-декабрда Кадамжай районунда болгон, машинанын ичинде төрт өзбек жараны бараткан.
““Деу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаасы Риштан – Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда унаанын кыймылдаткыч жагына орнотулган газ баллон кокусунан жарылып кеткен”, - деп билдирди милиция.
Кырсык болгон учурда машинанын ичинде бараткан адамдардын эч кимиси жабыркаган эмес.
Факт Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жүрүп жатат. (JsA)
Дагы караңыз
Депутат "Сахароводо" мигранттарды дарыланууга мажбурлап жатышканын айттыБашкы прокуратура боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталдыКасымбеков саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан кеттиУлуттук банк сатыкка дагы 59,5 миллион доллар чыгарды