Улуттук банк сатыкка дагы 59,5 миллион доллар чыгарды

Улуттук банктын башкы имараты.

Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 6-декабрда сатыкка накталай эмес 59,5 миллион доллар чыгарды.

Буга чейин 16-ноябрда ушундай эле негизде 55,2 миллион доллар сатылган.

Жыл башынан бери жалпысынан 14 жолу интервенция жүргүзүлдү. Анын жетөөндө Улуттук банк 399 миллион доллар сатса, калган жетөөндө накталай эмес 190 миллион доллар сатып алды.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Бүгүнкү күндө Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында бир доллар 85-86 сом болууда.(RK)

Дагы караңыз

Трампка таандык компания мыйзамсыз салык схемасы үчүн айыптуу деп табылды Блинкен: АКШ украиндердин Орусиянын аймагына сокку урушуна шыкак бербейтМариуполдогу тажик мигранттарына маяна толук берилбей жатат Киев мэри тургундарды жылуу кийим камдоого чакырды