Садыр Жапаров бир нече өлкө башчылары менен кызматташтыкты талкуулады

Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 6-декабрдагы туулган күнүнө байланыштуу бир катар мамлекет башчылары менен телефондон сүйлөшүп, кызматташтыкты дагы талкуулады. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жазылды.

Жапаров казак лидери Касым-Жомарт Токаев, өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Токаев жана Путин менен 9-декабрда Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынын талкуулаган. Мирзиёев менен Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик сапары тууралуу сөз болду.

Кытайдын лидери Си Цзинпин, Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Беларустун башчысы Александр Лукашенко, Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов куттуктоо катын жөнөтүштү. (TSh)

Дагы караңыз

Тышкы иштер министри АКШнын элчиси менен жолукту