Башкы прокуратура Акыйкатчы институтун текшергени белгилүү болду

Атыр Абдрахматова.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Башкы прокуратура Акыйкатчы институтун бир айдай текшергенин “Азаттыкка” билдирди. Абдрахматованын айтымында, институттун ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан реформага каршы айрым кызматкерлер көзөмөл органга арыз менен кайрылышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура бир катар сунуштарды берген.

“Кээ бир кызматкерлер арыз-даттануулар менен жылуу-жумшак ордунан чыкпай, жыйынтыгы жок жоопторду жазып, сый акы, айлык алып отурушат. Алар каралап, тоголок кат жазып жатышат”, - деди акыйкатчы.

Абдрахматова мындай кызматкерлерге айрым бир саясий күчтөр дагы кошулуп жатат деп эсептейт. Алардын атын атаган жок. Ал ар кандай каралоого кабылып жатканын сөз эркиндиги, жапырт камоолор боюнча оюн ачык айтып чыгып жатканы менен дагы байланыштырды. Жарандык коом өкүлдөрү, парламент депутаттарынан түзүлгөн комиссия менен реформаларды уланта берерин кошумчалады.

Азырынча Башкы прокуратура Акыйкатчы институтун текшерүү жөнүндө маалымат бере элек.

Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматова март айында тандалган. 41 жаштагы Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. (TSh)

Дагы караңыз

ЖК комитети мектепте 12 жылдык окутуу боюнча долбоорду четке какты