Бир аптада Кыргызстанда 13 адам коронавируска кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлагандай, өткөн аптада 13 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды.

Алардын экөө ооруканага жаткырылган, калган 11и үйүндө дарыланууда. 27-ноябрдан 4-декабрь аралыгындагы кырдаал эске алынып, Кыргызстандын бардык аймагы жашыл зонада калды. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1 млн. 626 миң 630, экинчи дозасын 1 млн. 354 миң 203 адам алган.

2022-жылдын 10 айында өлкөдө 21 783 киши коронавируска кабылган.
Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынды.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган. (TAb)

Дагы караңыз

Катар-2022: Чейрек финалдын алгачкы төрт командасы аныкталдыКоюу тумандан улам Бишкек-Ош каттамдары кармалуудаБишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөтБишкекте манасчы Салимбай Турсунбаев эскерилди"Кылым шамы" митингдерди тыйган чечимге каршы сотко кайрылды