Катар-2022: Чейрек финалдын алгачкы төрт командасы аныкталды

Франциянын чабуулчусу Ольиве Жиру Сенегал менен беттеште гол киргизди. 4-декабрь, 2022-жыл.

Катарда чейрек финалдын алгачкы төрт командасы аныкталды. Аны менен катар чемпионаттын ушул таптагы эң мыкты бомбардири да белгилүү болду.

1\8 финалдын биринчи беттеши Нидерланддар менен АКШ ортосунда өттү. “Халифа” стадионундагы мелдеш бул эки команда ортосундагы дүйнөлүк чемпионаттар алкагындагы алгачкы жолугушуу болду. Анткени командалар тарыхында беш мелдешин тең достук алкакта ойногон. Оюн 3:1 эсеби менен голландиялыктардын пайдасына чечилди.

Ошол эле күнү Нидерланддардын чейрек финалдагы атаандашы “Ахмад Бин Али” стадионунда аныкталды. Аргентина менен Австралия мелдешинин 35-минуттасында Лионел Месси эсепти ачты. Муну менен Месси чемпионаттардагы тогузунчу голун киргизди. Буга чейин Месси бир дагы жолу плей-офф айлампасында топ киргизе элек болчу. Ошол эле маалда ал профессионалдык карьерасында миңинчи оюнун өткөрүп, каршылаштарына 789 топ киргизип, 338 жолу голдук пас берген.

57-минутта Хулиан Альварес дагы бир топту таамай тээп, аргентиналыктардын эсебин көбөйттү. Ал эми оюндун 77-минутасында аргентиналык Энцо Фернандестин өз дарбазасына киргизген тобу менен эсеп 2:1 болуп, Аргентина чейрек финалга жолдомо алды.

10-декабрда Нидерланддар менен Мессинин командасы жарым финалга чыгуу үчүн кыл чайнашат.

Жекшембиде футбол күйөрмандары Франция менен Польшанын, Англия менен Сенегалдын оюндарын да көрдү.

44-минутта франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппенин чеберлик менен чыгарып берген тобун Ольиве Жиру дарбазанын сол бурчуна таамай тепти. Ошону менен Жиру өз командасы үчүн 52-тобун киргизип, Франциянын тарыхында эң көп топ киргизген бомбардир болуп калды. Муну менен ал легендарлуу Тьерри Анриден ашып өттү.

Ошентсе дагы 23 жаштагы Киллиан Мбаппе бул оюнда эки топ киргизип, Катардагы чемпионаттын борбардирине айланды. Поляктар оюн жыйынтыкталып жатканда айып тобун алды. Роберт Левандовски он бир метрликтен жаза кеткен жок. Ошентип Франция 3:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.

Аларды Сенегалды 3:0 менен утуп алган Англия командасы күтмөкчү. Англия курама командасынан Хендерсон, Кейн жана Сака айырмаланды.

Бүгүн кечинде дагы 4 команда чейрек финал үчүн күч сынайт. Жапония менен хорваттардын, Бразилия менен Түштүк Кореянын оюндарын көрөбүз. (KO)

Дагы караңыз

Бишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөт"Кылым шамы" митингдерди тыйган чечимге каршы сотко кайрылдыБаткен үчүн IT сунуштар сынагы жарыяландыКлубда ок атылган окуя териштириле баштады