Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапканы белгилүү болду.
Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 4-декабрда “Азаттыкка” ырастап, эки шектүү асынып алганын билдирди. Анын айтымында, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Буга байланыштуу Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган. Шектүүлөр Ош шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматына караштуу №5 тергөө абагына которулган.
Ноябрь айында алардын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган.
Окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште педофилдерге жазаны катаалдатуу сунуштары айтылган. (BTo)
Дагы караңыз
Актёр Мурадилаевдин абалы кайра оорлошуп, операцияга жардам чогултула баштады Баткен: Ак-Сайда социалдык шаарча пайдаланууга берилдиКыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленип жататФутбол: плей-оффко чыккан командалар аныкталдыБаткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыктыБаткендеги акыркы чек ара чырын эки тарап иликтейт